Иманакунова
К.Ш.
И.Арабаев атындагы КМУ
Кыргызстан, Бишкек
КОММУНИКАТИВДИК
КОМПОНЕНТТҮҮЛҮКТҮ
ӨРКҮНДӨТҮҮДӨ МАКАЛДАРДЫ КОЛДОНУУНУН МААНИСИ
Кыргыз эли көп кылымдар бою жараткан
көркөм дөөлөттөр арбын. Бизди кызыктырган
маселе – карт тарыхыбыздын үзүрү жана узак мезгил
аралыгындагы элдик бай тажрыйбалардын,
салт-жөрөлгөлөрдүн жыйындысы катары эсептелген
макалдар, алардын билим жана тарбия берүү багытындагы ролу,
маани-маңызы. Биздин оюбузча, макалдар жаш муундарды тарбиялоо багытында
байыркы мезгилден бери эле элдик педагогикабызда жана этномаданиятыбызда
кеңири колдонулуп келген. Муну биз макалдарда кылдат туюндурулган улуттук
дүйнө-таанымдын, өзгөчө дүйнө
кабылдоонун болушунан байкайбыз. Чындыгында эле, бизге
бүгүнкү күнгө чейин сакталып жеткен макалдар ар түрдүү
турмуштук чөйрөлөрдө, түрдүү
социалдык кырдаал-шарттарда, эл тагдырына туш болгон бактылуу жана азаптуу,
кыйчалыш, опуртал мезгилдерде жаралгандыгы анык. Мына ошондуктан макалдар
турмуштун чыныгы көрүнүштөрүн, адамдардын
ортосундагы ар кыл мамилелерди, коомдогу адеп-ахлак, жүрүм-турум,
таалим-тарбия маселелерин, элдин табыятка, жаратылышка болгон көз
караштарын, жалпы маданий, рухий тажрыйбаларын,
салт-жөрөлгөлөрүн реалдуу чагылдырып, кайсы
доордо, кайсы мезгилде болбосун, макалдар көөнөргүс
маданий дөөлөт болуп келди. Ошондуктан окуучулардын
коммуникативдик компоненттүүлүгүн
өркүндөтүүдө макалдарды колдонуу абдан
маанилүү деп эсептейбиз.
Кыргыз эли сөз багып, сөз сыйлаган эл
болгондуктан, өзүлөрүнүн илимий концепциясын,
илимий кредосун поэтикалуу, көркөм эстетикалуу негизде туюндурган.
Ошондуктан кыргызда илимий корутунду ой-пикирлер, жалпылоолор, философиялык ой
чабыттар, табылгалар элдик оозеки чыгармаларга сиңирилген.
Макалдар турмуштук чындыкты,
көрүнүштү, практикалык
көрсөткүчтөрдү жалпылоо мүнөзүнө
ээ болгондуктан, алардын спецификасында илимий мүнөз кошо
камтылган. Макалдар турмуштук зарылчылыктарды,
көрсөткүчтөрдү так таамай белгилеп, жакшылыкты
туура жолго үндөө аркылуу олуттуу ойду камтып тургандыгы
менен да баалуу.
Адамдар ортосундагы ар кыл мамилелерден,
жүрүм-турумдардан, табыят-жаратылышка карата көз караштардан,
кыскасы турмуштук тажрыйбалардан келип чыккан бүтүм-жыйынтыктар
макалдарда камтылгандыгы белгилүү. Ушуга байланыштуу алар үлгү
болорлук таризде, тарбия берүүчүлүк максатта, туура жолго
үндөө багытында, өз алдынча кептик
бүтүндүк катары калыпташып, даяр материал катары
колдонулгандыктан, коомдук турмушта пайдаланыш
активдүүлүгү өтө жогору. Мына ушул себептүү
элибизде: «Өнөр алды – кызыл тил», «Тиш
өтпөгөнгө тил өтөт» деп бекеринен айтылбагандыр.
Макалдар жөнөкөй
сүйлөшүүдө эле сөз арасында колдонулуп,
айтайын деген оюӊду бекемдеп турат. Макалдарды туш келди эле
сүйлөнгөн сөздүн бардыгында эле колдонулсун деген
ойдон алыспыс. Бирок макалдарды өз ордунда жана зарылдыгы туулган жерде
колдонгондо, адамдын сөзү көркүнө чыгып,
натыйжалуу болорунда шек жок. Эгерде макалдарды ылайыгы келгенде
сөзсүз колдонсок, сабактын сапатын жогорулатуу менен, окуучулардын
сабакка болгон кызыгуусун арттырып, алардын
сүйлөөсүнүн
көркөмдүүлүгүн жогорулатууга болот. Ушул
ыкма аркылуу жаштардын кебиндеги жаргондордон арылат элек. Анын
үстүнө макалдардын форма жагынан кыскалыгы, адамдардын
кадимки эле күндөлүк турмушунда колдонулуп жүргөн
сүйлөмдүк түзүлүштө болушу алардын
сүйлөөсүндѳ кеңири пайдаланууга
мүмкүнчүлүк түзөт. Орус окумуштуусу
В.В.Радлов белгилегендей, кыргыз эли сөзүндө таасири бар,
ыргагын ыр сыяктуу куюлуштуруп сүйлөгөн эл болгондуктан,
биздин жаш муундарыбыз да дал ошол ата-бабалар сактап келген мурастарыбызды
колдоно билип, ошол баалуулуктарга ээ болуусу абзел. Бул жагдай окуучулардын
коммуникативдик компоненттүүлүгүн
өркүндөтүүгө да ѳз салымын кошот.
Эне тилибизди окутуу процессинде эне тилин
үйрѳтүү функциясы социалдык турмушта өз ара
карым-катышты камсыз кылуунун негизги куралы болгон кеп ишмердигин окуучуларга
үйрөтүү болуп саналат. Кыргыз тилин окутуунун негизги
максаттарынын бири катары да «окуучунун кеп
ишмердүүлүгүн камсыз кылуу» экендиги Республиканын
мектептеринде кыргыз тили жана адабияты боюнча билим берүүнүн
мамлекеттик стандарттында ачык көрсөтүлгөн. Демек,
окуучунун кеп ишмердүүлүгүнүн
өнүгүшүн камсыз кылуу менен аны интеллектуалдык жана
адеп- ахлактык жагынан коомдун чыгармачыл жана активдүү атуулу
катары тарбиялоо маселеси ишке ашырылат. Анын коммуникативдик
компоненттүүлүгүн өркүндөтүү
иши орундалат.
Элибиздин улуттук психологиясында сөзгө
өзгөчө маани берүү маданияты бекемделген.
Сөз күчү абдан жогору. Ок жарасынан айыктырган даба табылса
да, сөз жарасынан айыктырган даба атам замандан бери табыла элек. Кыргыз
элинин макалдарын окуганыбызда жарпыбыз жазылат, чоӊ ыракатка батып,
жоголгон жогубузду таап алгансыйбыз. Алардын улуулугун сезебиз. Эл ичинде
сөзгө баа берүү, сөзгө жыгылуу,
сөзгө жибүү, сөзгө бекем туруу – кыргыз
элинин өзгөчө сапаттарынын бири. Сөздүн адам
турмушуна тийгизген таасири жөнүндө белгилүү
психолог В.В.Синельников:”Наше здоровье, счастье, душевные равновесия зависет
от того, как мы говорим и что думаем”- деп [1,5] адам турмушу,
адамдын бактысы ар бир адамдын ой
жүгүртүүсүнө жана сөзүнө
жараша жараша болорун айтат. Элибиз сөзгө маани берип, сөз
өнөрүн кастарлагандыктан, баалагандыктан, «Тил –
жүрөктүн ачкычы», «Тил менен тирилтет, тил менен
өлтүрөт», «Жакшы сөз –жарым ырыс»,”Жылуу, жылуу сүйлөсөң,
жылан ийинден чыгат”, “Катуу сөз – камчы, жылуу сөз – укурук”,
«Сөз сөөктөн өтөт» деген накыл кептери,
макалдары кылымдар бою кылы кыйшабай сакталып келди.
Мындан сырткары кыргыз тилинде, биздин божомол боюнча,
сүйлөөгө, кепке байланыштуу айтылган макалдардын саны
беш жүздөн ашык. Биздин максатыбыз – дал ошол кылым кезип сакталып
келген рухий дөөлөттөрүбүздүн бири
болгон макалдарды өсүп келе жаткан жаш муундарыбыз да
өздөрүнүн сүйлөө кебинде колдоно
билишине көмөк көрсөтүү, алардын
коммуникативдик компоненттүүлүгүн
өркүндөтүүгѳ салым кошуу. Дал ушул
баалуулуктарды окуучулар сүрөт, математика же химия, физика
сабактарынан эмес, эне тил сабагынан
гана ала алышат. Азыркы мезгил талабына ылайык компьютер, интернет менен
алектенген жаш муундардын сөзгө маани бербей, жаргондор менен
сүйлөп туруусу кыргыз тилинен сабак берген ар бир мугалимдин
көңүлүн оорутпай койбойт. Ошондуктан окутуу процессинде
дидактиканын орчундуу маселелеринин бири болгон «Кантип окутуу керек?» деген
суроонун жаралышы зарыл жана закон ченемдүү. Бирок, тилекке каршы,
«окутууну биз талапка ылайык камсыз кыла албай келебиз» - деп Эл мугалими
Б.Исаков белгилегендей, орто мектептерде кыргыз тили сабагы грамматиканы
үйрөтүү менен гана чектелүүдө [2,332].
Чындыгында, «Эне тил сабагы башталгыч класстан тартып,
эне тил туурасындагы илимий маалыматтарды эмес, анын жан дүйнөсүн
түшүндүрүү, ал аркылуу өз улутун таанытуу; [3,76] болуп эсептелет.
Таасирдүү айтканда, «Кыргыз тилин окутуу – бул тилди балдарга
колдонулуучу курал-жарак катары берүү, куюлуша келген кырааты, ички
ыргагы, учкул ийкеми, таасирдүүлүгү , көкүрөккө
тез конмо эстүүлүгү менен
үйрөтүү дегендик.» [2,88]. Мектеп
практикасында макал-лакаптардын окуу китептеринде аз киргизилип, макалдардын
түзүлүшүн грамматикалык жактан синтаксистик,
морфологиялык жана лексикалык жактан да талдап үйрөнүү
солгун болуп, макалдарды окуган соң, балдардын аларга болгон эмоционалдык
мамилесине жана нравалык этикалык баа берүүсүнѳ
кѳңүл бурулбай келе жатканы
ѳкүнүчтүү.
Макалдардыкыргыз тили сабагындаколдонууаркылуу:
·
керектүү, пайдалуу,
майнаптуубилимберүүгө;
·
элдин маданиятын, үрп-адат, каада-салтын ар
тараптан таанып билүүгө;
·
эркин чыгармачыл ой
жүгүртүүгө;
·
жаңыланууга,жаңы өнүгүүгө
багыт берүүгө;
·
дайыма өзүнүн турмуштук билимин,
маданиятын өркүндөтө билүүгө;
· элин, мекенин сүйгөн патриот, башкалардын кызыкчылыгын сыйлаган,
активдүүин сандык сапаттарга таянган, коомалдындагы өзмилдетин,
жоопкерчилигин терең түшүнгөн адам катары тарбия берүүгө;
· өз элинин моралдык жана адеп-ахлактык баалуулуктарын, ишенимдерин сүйүп,
аларга урматменен мамиле кылган аң-сезими бийи кадам катары аларды тарбиялоого;
· окуучуну өзүн-өзү таанып билүүгө,
өзүн-өзү аныктоого үйрөтүүгѳ;
· алардын коммуникативдик компоненттүүлүгүн
өркүндөтүүгѳ болот.
Макалдар адам жөнүндө, адамдык жеке сапаттарды
калыптандыруу жөнүндө, адеп-ахлактык, эстетикалык тарбия жөнүндөгү
көзкараштарын туюнтуучу сунуштардын бүтүндөй комплексин
камтыйт. Ал эми кыргыз макалдарынын көпчүлүгү адеп-ахлактуулуктун
элдик педагогикалык принциптерин туюнтат. Академик А.Э.Измайлов 590 кыргыздын
макал менены лакаптарын талдаганда, анын 410у адеп-ахлактык сабак болорлук мааниде
экендигин көрсөткөн. [4,39]. Демек,
макалдарадамдын логикасын өстүрүүгө, жакшыменен жаманды
ажырымдоого, жашоочындыгын таанып билүүгө үйрөтөт.
Макалдарди дактикалык чыгармалардын ичинен өз функциясы, семантикалык таасири,
күчү, кеңиричөйрөдө активдүүкол
донулушуменен да айырмаланып турат. Ошондуктан кийинки мезгилде макал жанрын
окуп үйрөнүүиштерине комплекстүү мамиле кылына
баштады.
Чындыгында макалдар:
·
дүйнө таанымдын куралы боло алгандыгы;
·
макалдын мазмунунун кеңдиги жана тематикалык ар түрдүүлүгү;
·
турмуштук көрсөткүч катары
эсептелиниши;
·
обьективдүү чындыктын каражаты экендиги;
·
нуска кеп, акыл-насаат, тарбиялоо
мүнөзүнө ээ болушу;
·
жалпылык,
бүтүм, эреже катары берилиши;
·
ой
тереңдигинин камтылышы ж.б. боюнча да айырмаланып турат.
Мындай
сапат, мүнөздөргө, белгилерге ээма калдар изилдөөнүн
зарыл жана толук обьектиси катары тексттик, структуралык, коммуникативдик-информативдик,
гносеологиялык, этнопедагогикалык багыттарда ар тараптуу илимийизилдөөгө
алынууга тийиш [5,39].
Биз
кыргыз тили сабагында макалдарды окуучулардын кеп ишмердүүлүгүн
өстүрүүдө, коммуникативдик
компоненттүүлүгүн өркүндөтүүдө кантип колдонобуз,
кандай жолдорду, технологияларды колдонгондо макалдар жашмуундардын жүрөгүнө
жетет, кантип жеткиребиз? – деген суроолордун түйүнүн чечип берүүгө
аракет кылабыз.
Ин сандын ар кандай багыттагы активдүүлүгүн калыптандырууну
көздөгөн жана таалим-тарбия иштерин өзичине камтыган педагогикалык
процесс макалдарды окутуудан көрүнөт. Макалдарды иликтей келгенде,
макалдарда жаш ооайлампасынын терең логикасы, жетик философиясы,
турмуштук өркөм чагылдырган картинасы, элдин элдүүлүгү,
эл менен жердин бир бүтүндүгү улуттун биримдиги үчүн
ынтымактуулукка чакыруу, эмгекчилдикке үндөө ж.б. Көптөгөн ушул сыяктуу маанилер камтылган. Өсп үрүм
курактагы окуучуга мисалы: «Атасы жакшы айттырбайт, теги жакшы де дирбейт,
сөөгү жакшы сөктүрбөйт», же «Атына кызыкпа, затына кызык» деген макалдардын берген маанилерине ой жорутуп көргүлөчү?
деген тапшырма берилсе, окуучулар сөзсүзтүрдө,
биринчиден, өзүнүн ата-тегине,
үй-бүлөсүнө жараша түзөлөт,
экинчиден, кандай дыр бир сезимдерге тушугат, ой жүгүртүп,
анализ чыгарат, үчүнчүдөн, мугалимдин айтуусу аркылуу өздөрүнүн
жашо отурмушуна оңдоо-түздөө киргизет. Бул көзкараш
менен алганда, макалдар – терең подтексттик, философиялык түшүнүүнүичине
камтыган, ар бири өз алдынча чакан семантикага ээ болгон татаал структурадагы
текст. Макалдардын өзөгүндө адамды тарбиялоочу,
нускоочу подтекст дагы бар. Макалдардын ичинде антонимдик маанидеги макалдар өтө
көп, алар окуучулардын кебинөстүрүүдө жана тарбиялоодо
өзгөчөорунду ээлейт. Анткени турмуштун өзү акменен
карадан, жаман менен жакшыдан тургандыктан, турмуштун өзүндөгү
антонимдик катыштагы чындыкты макалдар кылдат туюндуруп турат.
Кеп
ишмердү үлүгүн камсыз кылуу дамуга лимокуучулардын кебине
байкоо жүргүзүп, анны жакшыртуу боюнча ишалып баруусу зарыл.
Кепишмердү үлүгүнө стүрүүдө
окуучулардын жаш өзгөчөлүгүнө, класстын деңгээлине
да көңүл бурулуусу шарт. Анткени психолог дордуниликтө өсүнө
караганда, 1-3 класстын окуучулары үчүн коюлган бааменен мугалимдиналарга
кылган мамилесигана жетиштүү болсо, 4-7-класстагы окуучулар үчүн
окуу баарыдан мурунөзүтеңдүүлөрдүн арасында
мыкты көрүнүү жана «жакшы окуучу» деген атка конууэ септелет.
Ал эми жогорку класстын окуучулары үчүн булл көрүнүштөр
анча деле маанилүү болбой калат [6, 11].
Демек,
өзүнө ишеним артып, окуучунун өз алдын чаиштөөгө
умтулуусу булокуу чуүчүн да, мугалим үчүн да чоң жетишкендик
болуп саналат. Албетте, макалдарды колдонуу боюнча мындай иштер окуучулардын коммуникативдик компоненттүүлүгүн
өркүндөтүүгө чоң салымын кошо алат.
Адабияттар:
1. Стариченок.Д.Д.
Таинственная сила слова. 2008.,5-б.
2. Исаков.Б. Кыргыз
тили.VII-IXкл.үчүн. 1-бас.,Б.,Педагогика,2002.,88-б, 332-б.
3. Рысбаев
С.К. Кыргыз
балдар
фольклорунун
педагогикасы. Монограф.
76-б.
4.
Рахимова
М.Р.Панкова
Т.В. Калдыбаева
А.Т. Педагогикалык
ойлордун
жана
билим
берүүнүн
тарыхы. Б.,2002.39-б.
5.
Дунканаев.А.Т.
Кыргыз макалдарына семантика-структуралык, логика-грамматикалык илик.
Докт.дисс.автореф.Б.,2011.,39-б.
6.
Чыманов.Ж.А.
Кыргыз тили:окутуу методдору.Б.,2007.,11-б.
7.
Рысбаев.С.К. Кыргыз
башталгыч
мектептеринде
адабиятты
окутууну
этнопедагогикалык
негизде
ѳркүндѳтүү. Докт.дисс.,автореф.Б.,2006.10-б.
8. Чыманов.Ж.А. Кыргыз
тили: Сабактын теориясы жана практикасы. Б.,
2007.33-б.